7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош: Тургундардын ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоого байланышкан көйгөйлөр бар

643

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында Алай районунун Гүлчө айылын суу менен камсыздоо тутумунун абалы менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12 миңден ашуун адам жашаган райондук борбордо жергиликтүү тургундарды ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоого байланыштуу көйгөйлөр бар.

Ошондой эле Эдил Байсалов Курманжан Датка атындагы тарыхый-этнографиялык музейинде болуп, музейге коюлган экспонаттардын жана экспозициялардын абалы менен таанышты.

Андан соң Ош облусунун Алай районунун айыл өкмөттөрүнүн командалары ортосунда Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн көк-бөрү турниринин финалисттерин сыйлоо аземине катышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

644