7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 1 аким, 3 орун басар аттестациядан өтпөй калды

2706

Ош облусунда бир аким жана райондук мамлекеттик администрация башчысынын үч орун басары аттестациядан өткөн жок. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматы билдирди.

Анын айтымында, Президент Садыр Жапаровдун «Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, Ош облусундагы облустук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын жана алардын орун басарларын аттестациялоо аяктады.

Ноокат районунун акиминин орун басары компьютердик тестирлөөдөн өтө албай, 50 пайыздан аз упай топтоп, кийинки этапка өтпөй калган.

Аттестациянын акыркы этабы болгон маектешүүнүн жыйынтыгы боюнча 18 кызматкердин төртөө ээлеген кызмат ордуна жооп бере албайт. Сынактан кулагандар Алай районунун акими жана Ноокат, Кара-Кулжа, Кара-Суу райондорунун аймактык мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарлары.

Бир адам ээлеген кызматына жооп бере алат жана кызматтан көтөрүүгө сунушталды. Андан сырткары 13 адам ээлеген кызмат ордуна жооп бере алат.
Аттестациянын жыйынтыгы боюнча комиссия сунуштарды өкмөткө өткөрүп берет.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2707