7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 125 автоунаага ылайыкташкан 5 кабаттуу авто токтоочу жай курулат

204

Ош шаарында көп кабаттуу авто токтоочу жай курулат. Бул тууралуу мэриянын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, шаар аймактарында автотыгын жана авто токтоочу жайлардын жетишсиздиги күн сайын негизги көйгөйлөрдүн бири болуп келүүдө.

“Бул маселени чечүү жана шаар тургундарына ыңгайлуу шарт түзүү максатында көп кабаттуу заманбап авто токтоочу жай куруу боюнча долбоор иштелип чыкты. Долбоор боюнча курулуучу авто токтомо Ош шаарынын күн чыгыш тарабындагы Н. Исанов көчөсүндө жайгашат. Имарат жалпы 5 кабаттан туруп, 125 автоунаага ылайыкташкан. Бул долбоордун эскиз планы Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан даярдалды”, — деп жазылат маалыматта.

205