7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 2 кишини муунтуп өлтүрүп, көмүп коюуга шектелген эки жаран камакта калтырылды

835

Ошто эки кишини муунтуп өлтүрүп, көмүп коюуга шектелген эки жаран камакта калтырылды. Бул тууралуу 7-каналга Ош облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүүлөрдүн бөгөт чарасын Кара-Суу райондук соту караган. Шектүүлөр эки ай, тактап айтканда, 19-майга чейин камакта болот.

Мындан эки күн мурда Ош ОИИБ маалымат таратып, Кара-Сууда эки адамды өлтүрүүгө шектелип эки жаран кармалганын билдиришкен. Шектүүлөр унааны ижарага алышып такси кызматын көрсөтүп жүрүп, акча үчүн эки адамды жип менен муунтуп өлтүрүп, алардын жансыз денесин жол боюна көмүп коюшкан. Тергөө учурунда шектүүлөр Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары 2005 жана 1994-жылы туулган жарандар күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алышып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

836