7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 220 миң сом опузалоого шектелип «Профессор» кармалды

588

Ошто жарандан ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылгандар кармалганын ИИМден билдиришти.

Ушул жылдын сентябрь айынын ортосунда Кара-Суу районунун 25 жаштагы тургунунун үйүнө бейтааныш адамдар “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа менен келишип, күч колдонуп унаага отургузушуп, адамдар жок жерге алып келишкен. Ал жерден карыз экендигин айтышып, аны төлөбөсө үйүн каттатып берүүнү опузалап талап кылышкан. Жабырлануучу өзүнүн өмүрүнө жана ден-соолугуна кооптуу жагдай жаралганын сезип, опузалап талап кылган 220 миң сом акчасын берүүгө макул болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишине шектүү катары Кара-Суу районунун тургуну жана Ош шаарынын тургуну кармалды. Алар мурда бир нече жолу соттолушкан жана кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн арасында кадыр-баркка ээ. Алардын бирөөсүнүн “профессор” каймана аты бар жана криминалдык төбөлдүн түштүктөгү оң колу (кеңешчиси) болгон.

Кармалган жарандар Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

589