Ошто 300 миң сом пара алып жаткан жеринен Ош облустук ИИБдин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, УКМК 2025-жылдын 22-ноябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында ички иштер бөлүмүнүн М.Ж.А. жана С.А.Ш. аттуу кызматкерлерин 300 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармаган.
Тактап айтканда, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Араван РИИБнын Коомдук коопсуздук кызматынын уруксат берүү системасынын инспектору, милициянын подполковниги М.Ж.А. Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын майору С.А.Ш. менен биргеликте, жүргүзүлүп жаткан тергөөгө чейинки текшерүү иштери боюнча оң чечим чыгарууга жардам берүү үчүн жарандан 300 миң сом талап кылгандыгы аныкталган.
Кармалган учурда шектүүлөрдүн бири каршылык көрсөтүп, акчаны жок кылууга аракет кылып, анын бир бөлүгүн дааратканага ыргытып жиберген.
Учурда иштин бардык жагдайларын документтештирүү жана бул кылмышка тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.
Кармалгандар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.



