7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 375 окуучуга эсептелген мектептин курулушу аяктоодо. Кандай шарттар түзүлдү?

1025

Ош шаарынын Орке айылындагы Ч. Түлѳбердиев атындагы мектептин курулушу аяктоодо жана пайдаланууга даярдалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө долбоорго ылайык, подряддык уюм тарабынан бардык курулуш-монтаждоо жана ишке киргизүү иштери аяктап, ошондой эле аймакты көрктөндүрүү боюнча бардык иштер жүргүзүлдү. Андан сырткары, эмерек жана ашкана жабдуулары орнотулуп, окуу процессин баштоо үчүн зарыл шаймандар менен жабдылды.

Белгилей кетсек, 375 окуучулук орунга эсептелген билим берүү обьектисинин курулушу 2020-жылдын майында башталган. Жаңы мектепте окуучулар үчүн бардык зарыл болгон шарттар менен окуу корпусу, ашкана, спорттук залы, актовый зал, компьютердик класс, ошондой эле химия, биология, физика, эмгек сабактары боюнча жабдылган класстары каралган.

Бул объекттин сметалык наркысы 986 750.79 АКШ долларын түзүп, Сауд ѳнүктүрүү фондунун тарабынан каржыланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1026