7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 5 кабаттуу үйдүн чатырынан 2 окуучу кыз кулап, бирөө каза болду

1099

Ош шаарындагы 5 кабаттуу үйдүн чатырынан 2 окуучу кыз кулап, бирөө каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Маалыматка ылайык, окуучу кыздар Ош шаарынын К.Маркс атындагы орто мектебинин 7-классында окушат. Классташ кыздар А.Шакиров көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу №9-үйдүн чатырынан бойлорун таштап жиберишкен. Кыздардын бири окуя болгон жерде каза болгон, экинчиси оор абалда Ош облустук ооруканасына жеткирилген.

Денесинде сынган жерлери көп, башында ачык жаракаты бар. Кыздын абалы кандай болору белгисиз. Ал эми окуя болгон жерде каза болгон кыздын денеси өлүканага жеткирилгени белгилүү болду.

Учурда бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан ар тараптуу иликтөө иштери башталды.

Эскерте кетсек, буга чейин , 23-февралда да Ош шаарында 13 жаштагы өспүрүм бешинчи кабаттан боюн таштап каза болгон. Анын өмүрүн акыркы минуттарында жанында болгон теӊтушунун айтуусуна караганда ошол күнү кечки саат 18.00 чамаларында каза болгон бала менен чогуу там башында чогуу отурган. Күбө катары суралышкан теӊтуштарынын, жакындарынын берген көрсөтмөсүнө караганда ал «Мен өлөмүн, март айында жок боломун, мени көрбөйсүнөр» деп айтып келгени маалым болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1100