7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 8 өспүрүм социалдык коргоого алынды

698

Ош шаарында «Кароосуз калгандар» аталышындагы профилактикалык иш-чарасы аяктады. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, оор шартта жашап, туруктуу билим ала албаган 32 өспүрүм тууралуу материалдар жыйналып, балдардын атайын комиссиясына жөнөтүлдү. 8 өспүрүм социалдык мекемелерге жайгаштырылды.

«Бул комплекстүү иш-чара Ош ШИИБ тарабынан Ош шаарынын аймагында өткөн жумада өткөрүлдү. Иш-чара учурунда жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында башкармалыктын кызматкерлери, аймактык үй-бүлөгө көмөк көрсөтүү, балдарды коргоо бөлүмдөрү менен биргеликте ондогон ири жолугушууларды, жеке маектешүүлөрдү өткөрдү. Кароосуз, оор социалдык шартта жашаган балдарды аныкташып, жергиликтүү социалдык жактан коргоо кызматтарына кабарлашты, окуу процессине жеткиликтүү көңүл бура албай калган өспүрүмдөрдү аныкташып, педагогдор, социалдык коргоо тармагынын кызматкерлери менен биргеликте аларды көзөмөлгө алууну чечишти», — деп айтылат маалыматта.

Аталган ири-иш чара учурунда башкармалыктын кызматкерлери кароосуз балдардын чогула турган 117 жерлерди текшерүүгө алышты. Алар: жертөлөлөр, жылуулук түйүндөрү, интернет клубдары, үйлөрдүн чатырлары, кароосуз калган жайлар.

Натыйжада 8 өспүрүм социалдык коргоо мекемелерине жеткирилди, 8 өспүрүм тилемчилик жасап жүргөн жеринен алынып келинип, алардын ата-энелери менен профилактикалык маектешүүлөр жүргүзүлдү. 52 жашы жетелек балдардын иштеп жүргөндүгү аныкталды. Балдар комиссиясына кароо үчүн 32 материал жөнөтүлдү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

699