Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Оштогу тоо боорунан 9 жаштагы баланын жансыз денеси табылгандыгын билдиришкен. 7-каналга Ош ОИИБден окуя боюнча маалымат беришти.
16-март күнү саат 21:10 чамасында Кара-Кулжа РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Кулжа районунун Буйга айылынын 9 жаштагы тургуну 15-март күнү саат 17:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барбаганын билдирген.
Аталган маалымат 16-мартта Кара-Кулжа РИИБге катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгышып, төмөндөгүлөрдү аныкташкан. 15-мартта саат 17:00 чамасында өспүрүм үйүнөн чыгып, ошол айылдын Чоң-Секи жайлоосунда мал жандыктарын карап жүргөн 64 жаштагы чоң атасына бара жатып дайынсыз жоголуп кеткендиги аныкталган.
17-мартта саат 14:00 чамасында Кара-Кулжа РИИБдин кызматкерлери жана ошол айылдын тургундары тарабынан Токойлуу-Конуш участкасынын унаа жолунун четиндеги бак дарактардын арасынан өспүрүмдүн денесинде эч кандай жарааты жок жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин туугандары соттук-медициналык экспертизага берүүдөн жана арыз жазуудан баш тартышкан. Териштирүү улантылууда.