7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто добуш сатып алууга шектелген 3 жаран 115 миң сом менен колго түштү

663

Бүгүн, 7-июль Ош шаарында добуш сатып алууга аракет кылгандар 115 миң сом жана шайлоочулардын тизмеси менен колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Ош ШИИБинин маалымат кызматы оперативдүу маалымат берди.

«7-июль күнү, саат 11.37 чамасында Ош ШИИБинин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «шайлоочулардын добуштарын сатып алуу» болуп жаткандыгы маалымат келип түшүп, ал маалыматты текшерүү учурунда Ош шаарынын Жумабаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен аталган шек менен Ош шаарынын тургундары 1980-жылы туулган И.Х., 1959 –жылы туулган Р.Ш. жана 1959-жылы туулган Л.Б. кармалышты.  И.Х.нын жанынан 115 миӊ сом акча жана ошол аймакта жашаган шайлоочулардын тизмеси табылды«-, деп жазылат маалыматта.

Кармалгандар кайсы партиянын өкүлү экендиги,тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча айтыла элек.

Учурда бул факт боюнча Ош ШИИБи жазык кодексинин 192-беренесинин белгилерине ылайык сотко чейинки өндүрүш ишин башталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

664