7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто эл жана турак жай фондун каттоонун алкагында конкурс жарыяланды

659

Бүгүн, Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов менен президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов жолугушту. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Ош облусунда эл жана турак жай фондун каттоо иш чарасында элдин активдүү катышуусу, каттоо иштери үчүн техникалык камсыздоо жана башка иш процесси жөнүндө сүйлөшүштү.

Ошондой эле, Улустаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов,  Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов менен жолугушуу болуп өттү.  Жолугушууда эл жана турак жай фондун каттоонун жүрүшү талкууланды.

Бүгүнкү күндө Ош шаарында каттоо иштери 45%га аткарылды. Калкты жана турак жай фондун каттоонун ар бир кызматкерине 80-150 обьект, ага 300-350 жаран туура келет.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэринин демилгеси менен эл жана турак жай фондун каттоонун алкагында конкурс жарыяланган. “Мыкты координатор”, “Мыкты инструктор-контролер”, “Мыкты каттоочу”. Номинацияларынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

660