7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто ипотекалык батирлер бөлүштүрүлө баштады

719

Ош шаарынын мэриясынын батирлерди ипотекалык шартта жана башка мүлктү бөлүштүрүү комиссиясы тарабынан Ош шаарынын, Достук кичи районунун, №83 көчөсүнүн 25-дарегинде жайгашкан көп батирлүү турак үйүндөгү батирлерди бөлүштүрүү иштери аткарылууда. Бул боюнча ипотекалык комиссия тарабынан 2005-2015-жылдар арасында арыз берген жарандардын документтери каралып, тактоого жөнөтүлдү.

Ошондуктан 2005-2015-жылдар арасында ипотекалык шартта үй алууга арыз берген КРнын жарандары тапшырган документтерин тактап, толуктоосу зарыл.

Эгерде жарандар белгиленген 14 күндүк мөөнөткө чейин келип документтерин тактабаса, 2021-жылдын 28-сентябрындагы Ош шаардык кеңешинин №11 токтому менен бекитилген «Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө» жобосунун 5.20 пунктунун негизинде арызы кароосуз калтырылат жана каттоодон чыгарылат.

Белгилей кетсек, муниципалдык ипотекалык ишкананын дареги Ош шаары, Ленин көчөсү 318, 306-кабинет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

720