7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто киши өлтүрүүгө шектүү жаран Баткендеги мейманканалардын биринен кармалды

743

Өзгөндө адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 27-февраль түнү саат 23:35 чамасында Өзгөн районунун Жыланды айыл өкмөтүнө караштуу Жыланды айылында өзүнүн жашаган үйүндө 23 жаштагы М.Б., жансыз денеси үйүнүн бөлмөсүндө жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн.

Аталган маалымат Өзгөн райондук ИИБнын Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жыланды айылынын Беш-Кепе участкасынын Э.Аттокуров көчөсүнүдө өзүнүн жашаган турак үйүндө алдын ала текшерүүдө 1999-ж.т. К. уулу Б. Аттуу жарандын инсандыгы такталган, анын жансыз денеси киши колдуу болуп үйүнүн бөлмөсүндө жаткан жеринен табылган, маркумдун баш бөлүгүндө миздүү кандайдыр бир буюмдан сокку алгандыгы аныкталган.

Маркумдун жеринде кароо жүргүзүлүп, окуя болгон жерден далил буюмдар алынган. Соттук-медициналык бюросунун экспертинин катышуусунда сырттан кароо жүргүзүлүп, эксперттин айтуусунда маркумдун баш бөлүгүндө миздүү буюм менен 3-4 жолу сокку болгондугун билдирген. Жансыз дене Өзгөн райондук өлүкканага жеткирилип, маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык жана соттук-дактилоскопиялык экспертиза дайындалган.

Аталган жагдай боюнча Өзгөн РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын КЖКнин 122-бер. 2-б. 7-п. менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иштердин жүрүшүндө маркумга карата тийиштүү «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү жүк ташуучу авто унаа табылып жана авто унаа менен кошо уурдалып кеткен маркумдун минген аты табылган.

1-мартта Баткен облусунун Кызыл-кыя шаарында жайгашкан мейманканалардын биринен адам өлтүрүүгө шектелген “К” аттуу жаран кармалып, Өзгөн РИИБнин тергөө кызматына жеткирилген.

Тергөө учурунда “К” атту жаран Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылынын тургуну, мурда соттолгон 1974-жылы туулган И.К. экендиги аныкталып, ал жасаган кылмышты толугу менен мойнуна алган.

Учурда Өзгөн РИИБдин УКЖна киргизилип, бул факты боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

744