7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто мигранттар менен тургундар 10 үй-бүлөгө мал алып беришти

466

Ош облусунун Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Красный-Маяк айыл имамынын демилгеси менен масштабдуу кайрымдуулук жасалды. Бул тууралуу Муфтияттан маалымдашты.

Калктын соцалдык маселелерин чечүү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү жана элди кайрымдуулукка үндөө максатында айыл имамы Уларбек ажы  Самиев жергиликтүү эл жана айылдын мигрант эр-азаматтары менен биргеликте масштабдуу кайрымдуулук иш-чарасын уюштурулду.

Анын алкагында Красный-Маяк айылынын тургундары тарабынан 86 баш кой, 3 бодо мал жана бир жылкы жыйналып, ошол эле айылдын соцалдык абалы начар жана аз камсыз болгон 10 үй-бүлөгө бөлүнүп берилди.

“Бул иш-чара айыл имамы Уларбек ажы Самиевдин биринчи демилгеси эмес, бул сыяктуу изги иштерде ат салдырбаган үлгүлүү дин кызматкери. Жараткан Эгебиз кайрымдуу элибизге береке берсин, колдоп-кубаттаган жаштардын келечегин кең кылсын жана ар дайым ушул сыяктуу чоң, сооптуу иштерди уланта берүүсүн насип кылсын”, — деди Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров.

467