7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто опузалап пара талап кылган ИИМдин кызматкери кармалды

813

Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УММКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-мартта Ош облусунун ИИБнын ички иликтөө кызматы менен биргеликте 20 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Б.Т.А. кармалды.

Кармалган Б.Т.А. ишкерден анын маселесин оң жагына чечип берүү үчүн опузалап пара талап кылгандыгынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98- беренесине ылайык УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

814