7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто көп кабаттуу үйдүн өрт чыккан бөлүгүндө оңдоо иштери башталды 

183
Ош шаарындагы “Эмаком” курулуш компаниясы курган көп кабаттуу үйдүн өрт кырсыгы катталган бөлүгүндө оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу аталган калаанын мэриясы билдирет.
Маалым болгондой, учурда күйгөн жерлер тазаланып, чатырды жабуу иштери аяктоо алдында турат.
Бүгүн, 4-ноябрда шаар мэри Жеңишбек Токторбаев объектке барып, жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышып чыкты. Ал кышкы суукка калбай, оңдоо иштерин ыкчам бүтүрүү тапшырмасын берди.
Эске салсак, өткөн айда аталган көп кабаттуу үйдө чыккан өрттөн 6 батир жабыркаган. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, өрттүн кесепеттерин жоюу жана батирлерди калыбына келтирүү иштерин Ош шаарынын мэриясы жүргүзүүдө.
184