7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто сел агызып кеткен 5 унаа чыгарылып, дагы 2 унаа изделип жатат

431

Ошто 14-июль күнү саат 14:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Бөрүбай-Ата эс алуучу жайында сел жүрүп, Төлөйкөндөгү «Мөл-Булак» эс алуу борборунан 4 жаран агып кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.Алдын ала маалымат боюнча сел суулары 20 турак үйгө кирип, 7 авто унааны агызып кеткен. Издөө иштеринин натыйжасында куткаруучулар тарабынан 5 унаа табылып чыгарылып, калган 2 унаа изделүүдө. Ал эми борбордук базардын аймагында жабыркаган турак үй, унаа жана контейнерлердин саны такталууда.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын «Куткаруу кызматынан» 10, Ош шаары боюнча башкармалыгынан 120, РӨКОдон 40, аскер бөлүктөрдөн жалпы 192 аскер кызматкери, ошондой эле ИИМнен 170 кызматкер, Тез жардам кызматынан 2 бригада, Кыргызтемир жолунан 40 кызматкер, Жашылдандыруу кызматынан 1 экскаватор жана шаардык жол башкармалыгынан 1 экскаватор, транспорт кызматынан 3 автобус тартылды.

Натыйжада Төлөйкөн айылындагы Бөрүбай-Ата эс алуучу жайында жана Борбордук базарында куткаруучулар тарабынан 420 жаран, Озгур айылындагы эс алуучу жайынан 11 жаран эвакуацияланып, коопсуз жерге көчүрүлдү. Ал эми жоголгон 4 жаранды издөө иши жүргүзүлүүдө.

432