7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто сотмедэксперт пара менен кармалды

404

Ош облустук соттук-медициналык экспертиза борборунун кызматкери 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Ош облустук соттук-медициналык экспертиза борборунун кызматкери Э.Ж.М. тарабынан каза болгон уулунун сөөгүн берүү процессин тездеткендиги үчүн Түркиянын жараны Ч.А.А.дан 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылган.

Өзгөндө 19-мартта 1995-жылы туулган Түркиянын жараны Ч.А.С.нын сөөгү табылган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Өзгөн РИИБи тарабынан кылмышка шектүү катары Өзбекстанда туулган Д.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми дагы бир шектүү издөөгө алынган.

1-апрелде Ош облустук соттук-медициналык экспертиза борборунун имаратында мурда белгиленген акча каражатын алгандан кийин Э.Ж.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

405