7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто студенттерди коркутуу жолу менен телефонун тартып алган шектүү кармалды

579

Ошто тоноочулукка шектүү жаран кармалганын Ош шаардык ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 8-мартында Ош шаарынын Исанов көчөсүнүн жашоочулары 1997-жылы туулган И.Р., 2001-жылы туулган У.Х. 2002-жылы К.А. арыз менен кайрылган. Анда, ошол эле күнү саат болжол менен 21:00 чамасында Ош шаарынын А.Навои атындагы эс алуу паркында сейилдеп жүргөн учурда жашы болжол менен 30-35 курактагы азиат улутундагы атуул аларды коркутуп, кол телефондорун күч менен тартып алгандыгын билдиришкен. Жабырлануучулар Оштогу жогорку окуу жайынын студенттери экендиги аныкталган.

Бул факты Ош ШИИБнын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө катталып, шектүүнү издөө иштери башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну 1993-жылы туулган М.М. экендиги аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда бул факты боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүп, шектүүнүн башка дагы ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар, же жоктугу иликтенүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

580