7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто таза суу жок, шаар тургундарына «водовоз» менен суу жеткирилүүдө

1086
Ош шаарында 6-майдан 7смне караган түнү катуу жааган жаргырдан улам, 7 май шаар ичинде таза суу берүү убактылуу токтотулган. Тургндар азыр да таза суу чыга электигин айтып, даттанууда.
Учурда шаардык суу чарба ишканасы суу ташуучу унаалар (водовоз) менен аймактарга таза суу жеткирүү ишин алып барууда.
Водовозду чакыруу үчүн төмөнкү байланыш телефондору аркылуу арыз калтырса болот .
  • 0556039599
  • 0556460585
  • 0559566671
  • 0558140888
Эске салсак нѳшѳрлѳп жааган жамгырдын улам, Папан суу сактагычына жакынкы жылгалардан сел жүрүп, Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогору болгондо, шаарга таза суу берүүнү токтотуу  ар жылы жазында кайталанып келет.
Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондору жана Достук, Калинин массивтеринде таза суу бар. Башка аймактардын баарында таза суу жок болгондуктан, суу чарба ишканасы ичүүчү сууну атайын унаалар менен жеткирип берүүдө.
Адатта Ак-Буура дарыясынын ылайланган суусун тундрууга 2,3 сутка талап кылынат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1087