7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто тоноочулук менен алектенген топ кармалды

824

Ош шаарында Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тоноо менен алектенишкен топту кармашты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын 19 жаштагы тургуну арыз менен Ак-Буура милиция бөлүмүнө кайрылган. Ал өз арызында ушул жылдын 11-сентябрь күнү ал жашаган батирге түнкү саат 00:00 чамасында белгисиз 6 адам кирип келишип, аны жана бирге жашаган шеригин электрошокер менен бычактар менен коркутушуп, 5 уюлдук телефонун, 2 даана кол саатын, чач кургатуучу фен, кийимдерин жана 2500 сом акчасын тоноп кеткендигин билдирген. Арыздануучу кол салган 5 адамдын арасында 3 кыз болгондугун белгилеген.

Ак-Буура милиция бөлүмүнүн жүргүзгөн иш-аракеттеринин натыйжасында, 2022-жылдын 28-февраль күнү бул кылмышка тиешелүү топтун бардык мүчөлөрү ар кайсы райондордон кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кармалгандар:
-2004-жылы туулган М.к.Н., Өзгөн районунун тургуну, эч жерде иштебейт:
-М.А., Кара-Суу районунун тургуну, эч жерде иштебейт;
-2000-жылы туулган С.к.А., Алай районунун тургуну, эч жерде иштебейт;
-А.уулу Н., Өзгөн районунун тургуну, эч жерде иштебейт;
-2003-жылы туулган А.к.А., Баткен районунун тургуну, эч жерде иштебейт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (тоноо) белгилери менен тергөө иштери улантылууда.

Бул топтун башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар, же жоктугу иликтенип жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

825