7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто турак үйлөргө коркунуч жараткан канал тазаланууда

666

Ошто турак үйлөргө коркунуч жараткан «дренаж» каналын тазалоо иштери жүрүп жатканын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаандын көп жаагандыгына жана жер астындагы суулардын көлөмүнүн көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу, дренаж каналын тазалоо иши жүрүүдө.

Аталган каналдагы суу ташкындап турак жайларга, социалдык объектилерге кирип, кээ бир турак үйлөр кооптуу абалга келип, жашоочуларга коркунуч жаралган.

Ош шаарынын “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын Көкүм-Бий көчөсүндөгү дренаж каналына бак-дарактар кулап, суунун нугун бууп жана электр мамылары авариялык абалга келип, ички жолдорду да суу жууп кеткен.

Кечээ 16-март күнү Ош шаарынын ЖК жетечилиги алдында ыкчам жыйын уюштурулуп, ЖК башкаруу органдарынын тиешелүү күч каражаттарын тартуу менен кооптуулукту жоюу максатында дренаж каналын тазалоо, бак дарактарды алуу, электр мамычаларын коопсуздандыруу боюнча тапшырмалар коюлган. Жалпы тазалануучу каналдын узундугу 600 метрди түзөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

667