7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто тургундан 20 миӊ доллар опузалап талап кылган шектүү колго түштү

872

Ош шаарынын жашоочусунан 20 миӊ АКШ долларын опузалап талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына ушул жылдын 1-март күнү Ош шаарынын 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, аны «М» аттуу жаран өмүрүнө, жакындарына коркунуч келтирип, 20 миӊ АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын бир нече күндөн бери «WhatsApp» мессенджери аркылуу опузалап талап кылып жаткандыгын билдирген.

Аталган факты Ош шаардык ички иштер башкармалыгына катталып, Жазык кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү 2-март күнү саат 17.00 чамасында Ош шаарындагы кафелердин биринде аталган сумманын бир бөлүгүн алып жаткан учурда атайын операциялар отрядынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал Ош шаарынын тургуну 1987-жылы туулган Ш.М. адам өлтүрүү үчүн мурда соттолгондугу аныкталган.

Шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

873