7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто туу күнү салтанаттуу белгиленди

929

Бүгүн, Ош шаарынын борбордук аянтында Мамлекеттик туусунун кабыл алынганынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Анын алкагында Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери тарабынан борбордук аянтка 15 метрлик туу алынып келинди.

 

 

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, легендарлуу парламенттин депутаттары, шаардык кеңештин депутаттары, шаардыктар, аскер кызматкерлери жана активисттер катышты.

 

 

Мэр куттуктоо сөзүндө туу күнү эң маанилүү мамлекеттик майрамдардын бири экендигин жана Ош шаарында ар дайым жогорку деңгээлде белгиленип келгенин айтты. Калаа башчы жаштарды мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка үндөдү.

Эске салсак, Ош шаарынын борбордук аянтындагы башкы желек жана желек сабы 2009-жылы орнотулган. Желек сабынын узундугу 45 метрди түзсө, туунун туурасы 10 метр, узундугу 15 метр.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

930