7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто жайгашкан мурдагы “Турбаза” мэриянын балансына өткөрүлүп, жаңыланат

228

Ош шаарынын Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан мурдагы “Турбаза” мэриянын балансына кайтаруу иштери жүрөт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдыруу учурунда тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмаларды берди.

Шаар башчысы имараттын учурдагы абалы канааттандырарлык эмес экенин белгилеп, объектти шаардык баланска өткөрүү жана аны толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү зарылдыгын айтты.

Аталган “Турбаза” учурда Профсоюз комитетинин карамагында турат. Дээрлик 40 жыл аралыгында бир да жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтпөгөндүктөн, имараттын эскилиги жетип, кароосуз калган абалда.

Алдыда бул жай шаардык баланска өткөрүлүп, жаңыланган соң муниципалдык санаторий катары калкка кызмат көрсөтүү пландалууда. Бул шаар тургундары үчүн социалдык багыттагы дагы бир маанилүү объект болуп калмакчы.

229