7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто жылына 310 миң тонна таштанды утилдештирүүчү заманбап завод ачылат

141

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кытай Эл Республикасынын алдыңкы экологиялык технологияларды колдонгон «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» компаниясынын башкы директору Дай Даого менен жолукту. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаар мэри таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүүчү заманбап заводдун курулуш иштерин жандандырып, ишти активдүү жүргүзүү керектигин белгиледи. Ошондой эле жаралган бардык маселелер мэрия тарабынан каралып, чечилип бериле тургандыгын билдирди.

Аталган завод ишке кирсе, жылына 310 миң тоннага чейин таштандыны утилдештирип, электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Белгилей кетсек, завод экологиялык талаптарга толук жооп берип, айлана-чөйрөгө зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбайт.

142