7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто зордуктоо фактысынын корутундусу үчүн төрт миң сом талап кылган экспертиза кызматкери кармалды

473

Ош облусунун Араван районунда зордуктоо фактысынын корутундусу үчүн акча талап кылгандыгы үчүн райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

«18-февралда Араван районунун тургуну мыйзамсыз иш-аракеттердин фактылары боюнча райондук соттук экспертиза бөлүмүнүн кызматкерине чара көрүү өтүнүчү менен ички иштер органдарына кайрылган. Анда райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматкери жашы жете элек кызды зордуктоо фактысы боюнча корутунду бергендиги үчүн акча талап кылган. Шектүү 1 миң 100 сом алып, дагы 3 миң сом талап кылган», — деп жазылат билдирүүдө.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 238-берененин (Кызматкерлерге мыйзамсыз эмгек акы алуу) негизинде катталып, сотко чейинки тергөө иши башталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

474