Кыргызстан элинин ассамблеясынын («Достук сарайынын») Ош шаардык бөлүмүнүн имараты заман талабына ылайык толук жаңыланып, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.
Мэриядан билдиришкендей, оңдоо иштери мэр Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен башталып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.
Күн мурун жаңыланган имараттын ачылыш аземи өтүп, ага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардагы ар түрдүү этностордун өкүлдөрү катышты.
Ассамблеянын имаратынын чатыры толугу менен жаңыланып, ашканасы капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Ички жана сырткы бөлүктөрү толук актап-сырдалып, эшик-терезелер жаңысына алмаштырылды. Ошондой эле электр тутумдары жаңыртылып, имараттын ажатканалары да оңдолду. Мындан тышкары, жаңы эмеректер менен толукталып, имараттын айланасына брусчатка басылып, мекеменин шарттары жакшыртылды.
Кыргызстан элинин ассамблеясынын Ош шаардык бөлүмү алгачкы жолу 1994-жылы «Достук сарайы» деген аталыш менен уюштурулган. Бул мекемеде 17 этностун өкүлдөрү бирдикте иш алып барып, шаардагы улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө өз салымдарын кошуп келишет.
Саамалыктын жүрүшүндө мэр ассамблеянын жамаатына кызматтык унаа белек кылууну убадалап, бүгүн унаанын ачкычы тапшырылды.



