7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оштогу Тешик-Таш базарындагы үйлөрдү бузуу иштери токтотулду (ВИДЕО)

164

Ош шаарындагы Тешик-Таш базарынын айланасындагы үйлөрдү бузуу иштери президенттин тапшырмасына ылайык токтотулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.

Мэрдин биринчи орун басары Адилет Шаршеналы жеринде жашоочулар менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ал эми турак жайдын бузулган чатыры мэрия тарабынан калыбына келтирилүүдө.

Белгилей кетсек, буздуруу иштери үйлөр жайгашкан жерге ээлик кылган Н. Шырдаков аттуу жаран тарабынан жүргүзүлгөн. Бул жер 1999-жылы Ош шаарынын мамлекеттик администрациясынын токтому менен Н. Шырдаковго жеке менчикке берилип кеткен.

Быйыл Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын Ош аймактар аралык башкармалыгы мэриянын ошол жылдагы токтомун жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылып, сот оң чечим чыгарган. Бирок, Шырдаков бул чечимге макул болбогондуктан, бүгүнкү күндө иш экинчи инстанцияда каралууда.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

165