7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

РЭТтин кызматкери 100 миң сомго жакын акча талап кылып, 50 миң сомун алып жатканда кармалды

745

Пара алып жаткан жеринен Панфилов райондук электр тармагынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин Панфилов районунун аймагындагы жеке жана юридикалык жактарга Панфилов райондук электр тармагынын кызматкерлери «Түндүк электр» ААКтын кызматкерлери менен биргеликте электр энергиясын эсептегичсиз пайдалануу (тармактардагы электр энергиясын уурдоо) боюнча текшерүү иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында электр энергиясын пайдалануу боюнча аныкталган мыйзам бузуу фактысын жашыруу үчүн РЭТтин жооптуу кызматкерлери жарандан 97 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкан.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган Опузалап пара алуу фактысы боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин алкагында 7-мартта Панфилов районунун аймагында 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Панфилов РЭТинин ага инспектору кармалды.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергө иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

746