7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пара талап кылуу менен ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кармалды

247

15-февралда УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери А.А. жана анын шеригинин жашаган үйүнө жана иштеген жерине санкцияланган тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматты билдирди.

Маалым болгондой, 2020-жылдын ноябрь айынын аягында КР ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери, Чүй облусунун Аламүдүн районунун жашоочусу П.А. аттуу жаранды 19 кутуча «гашиш» баңги заты менен кармаган.
ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери А.А. кармалган П.А. кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн ири суммадагы акча талап кылган, жана бир бөлүгүн буга чейин алган.
Белгилей кетсек, табылып алынган баңги зат ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери А.А. калган.
Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жыйынтыгында, А.А. кызматтык бөлмөсүнөн жапайы кара куурайдын жыты бар 2 баштык жана 14 даана белгисиз калибирдеги ок-даарылар табылган.
Кармалган А.А. жашаган жеринен «Стечкин» автоматтык тапанчасы, 9 мм калибрдеги 29 даана ок-дарылар, белгисиз куралдын магазини, 3 флэш-карта жана 2 CD-Диск, «жашыруун» жана «өтө жашыруун» деп белгиленген көптөгөн расмий документтер табылып алынган.
Ошондой эле аталган А.А. – Я.А. аттуу шеригинин жашаган жерине тинтүү иштери жүргүзүлүп, «Наган» револьверинин 7,62 калибриндеги 29 ок табылып алынган.
Табылып алынган далил заттардын бардыгыдыгы тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү.
Жогоруда көрсөтүлгөн адамдар кармалган, бирок Чүй облусунун прокуратурасы А.А. жана анын шериги болгон Я.А. камакка алуудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарган.
Тергөө жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

248