7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пархат Тулендыбаев: Өкмөт азыртадан айыл-чарба тармагына колдоо көрсөтүшү керек

311

Жогорку Кеңеште айыл чарба тармагына өнүктүрүү маселелери көтөрүлдү

 25-02-2021 11:23

Бүгүн, 25-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү.

Алсак, депутат Пархат Тулендыбаев айыл чарба тармагын өнүктүрүү өлкөнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп: «Өткөн жылдан бери күнүмдүк керектелүүчү каражаттардын наркы жогорулоодо. Андыктан Өкмөт азыртан айыл-чарба тармагына колдоо көрсөтүшү керек», — деди.  

Ушундай эле пикирди айткан депутат Осмон Турдумамбетов дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыздоо маселеси кечеңдетилип жатканын жүйө келтирди.

Муну менен катар депутат ири жолдордогу туннелдердин ичин жарыктандыруу маселесине токтолду.

Ал эми депутат Аккулу Бердиев: «Чоң-Алай району боюнча 1992-жылдан бери 1 гектар жер да трансформация болбой, турак-жайга муктаж жарандар үй кура албай келет. Ал жактагы жер тилкелеринин баасы, Чүй аймагындагы жерлердин наркы менен теңелип калды. Ошондуктан, жерлерди трансформациялоо маселесин тездетүү зарыл», — деп кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

312