7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Парламент Исфана шаарынын аталышын Раззаков шаары деп өзгөртүүнү колдоду

813

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору үч окууда каралып, жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Элчибек Жантаев маалымат берип, мыйзам долбоору президенттин 2021-жылдын 23-декабрындагы жарлыгын ишке ашырууга, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун элесин түбөлүккө калтырууга багытталганын кошумчалады. Муну менен катар Джантаев бул мыйзам долбоорун үч окууда карап берүүнү өтүндү.

Талкуу маалында депутаттар Гуля Кожокулова, Дастанбек Жумабеков жана Чыңгыз Ажыбаев бул мыйзам долбоорун колдой тургандыгын билдиришти. Депутат Гуля Кожокулова Исхак Раззаковдун мамлекеттүүлүктү түптөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымына токтолду.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

814