Бишкектеги жеке коопсуздук агенттиктеринин кызматкерлерин айып пулду убагында төлөөгө жана жол эрежесин бузбоого чакырат. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын бөлүмүнөн билдиришти.
Анын айтымында, өз ара аракеттенүү жана кызматташуу үчүн жеке коопсуздук агенттиктери Патрулдук кайгуул кызматынын нөөмөт бөлүмү менен биргеликте атайын WhatsApp топ түзүштү.
«Ошондой эле, биз жеке коопсуздук органдарынын көрсөтмөлөрүнө жана кылмыштардын бетин ачуунун өз ара аракеттенишине, окуя болгон жерден качып кеткендерди ыкчам издөөдө кармоо боюнча ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана сунуштарды киргизүү үчүн атайын жумушчу топ түздүк», — деп билдиришти мекемеден.
Эске сала кетсек, өткөн жумада Мамлекеттик чек ара инспекциясынын беш унаасы жол эрежесин бузгандыгы үчүн унаа токтотуучу жайга киргизилген.