7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жим Керри актёрлук карьерасын жыйынтыктагынын жарыялады

628

Белгилүү голливуд актёру Жим Керри жеке жашоосуна басым жасоо үчүн кинону таштоо ниетин билдирди. Ал качандыр бир күнү өз оюн өзгөртөрүн жокко чыгарбайт, бирок бир шарт менен. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты. 

«Мен пенсияга чыгам. Мен муну абдан олуттуу айтып жатам. Эгерде албетте, күтүлбөгөн жерден периштелер мага алтын сыя менен жазылган кандайдыр бир сценарийди алып келишсе жана мен анын адамдар үчүн абдан маанилүү экенин түшүнсөм, балким мен кайтып келем», — деди Жим Керри.

Ал өзүнүн тынч жана руханий жашоосун абдан сүйөрүн билдирди. Ал өзүн сүрөт тартууга арнаган жана тасмага тартылууда тыныгууну каалайт. «Мен жетиштүү иш жасадым. Мага жетиштүү болду», — деп кошумчалады ал.

Жим Керри 60 жашта. Анын катышуусу менен акыркы тасма — «Соник в кино 2» 2022-жылдын 30-мартында жарык көргөн. Актёрго эң чоң атак-даңкты алып келген тасмалар: «Маска», «Эйс Вентура», «Брюс Всемогущий», «Шоу Трумана», «Вечное сияние чистого разума» и «Гринч — похититель Рождества».

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

629