7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Поле Чудес» конушунун эли трансформация маселеси боюнча митингке чыгышты

757

Бүгүн, 18-ноябрь Бишкек шаарынын четиндеги «Поле-Чудес» аймагынын (Сокулук районуна караштуу) жашоочулары топтолуп, 7-канал аркылуу үнүн бийликке жеткирүүнү суранышты.

Бул жер трансформациясы жок берилип кеткен жайлардын бири. 10-жылдан бери отурукташып калган эл, кызыл китеби жок болгондуктан социалдык жактан тейленбей көз жаздымда калууда.

Кышкысын айрыкча электр энергиясынын тартыштыгы көйгөй жаратат.  Коомдук маршруттук каттам бар болгон менен айылдын башынан эле кайтып кетет.

Жолуна асфальт төшөлмөк түгүл, шагыл төгүлгөн эмес, ушул учурда окуучулар тизеге чейин ылай кечип мектепке барат.

Жергиликтүү тургундар жылдар бою акимияттан үмүт кылып күтө берүүдөн чарчап, акыры үнүбүз Президентке жетээр бекен деп чогулуп турган кези.

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

758