7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Премьер-министр Улукбек Марипов № 73809 аскер бөлүгүнө барды

306

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин № 73809 аскер бөлүгүнө барды жана Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу сапка тизилүүгө катышты.

Өкмөт башчы аскердик бөлүктүн аскер техникасы жана куралданышы, ошондой эле аскерлердин тамактандыруусунун уюштурулушу менен таанышты.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 16-февралында Премьер-министр Улукбек Марипов аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун ченемин жогорулатуу тууралуу чечимге кол койгон, ага ылайык, аскерлердин рационуна колбаса, сыр, коюлтулган сүт жана жемиштер сыяктуу кошумча азык-түлүктөр киргизилген.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин ден-соолугун чыңдоо жана алардын тамактандыруусун уюштурууну жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун ченеми 2002-жылдан бери өзгөртүлгөн эмес.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов аскер кызматкерлерин майрамы менен куттуктап, күжүрмөн даярдыктагы ийгиликтерди каалады жана жеке курамдын бош убактысын жана күжүрмөн даярдык боюнча сабактардын сапатын жакшыртуу иретинде кеңири форматтагы  мультимедиялык проектор алууга 100 миң сом өлчөмүндөгү финансылык каражатты бөлүүгө сертификатты тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

307