7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пресс-катчы: Президенттин атын жамынган талапкерлер жоопкерчиликке тартылат!

681

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун атын жамынган талапкерлер жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, бул өзгөчө КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге тиешелүү.

«Бардык жарандар өлкө президенти шайлоону ачык-айкын, таза өткөрүү үчүн чечкиндүү реформаларга барып жаткандыгына күбө болушууда. Садыр Жапаров шайлоо процессин ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн болуп көрбөгөндөй чараларды көрүп жатат.

Ошондуктан, биз бардык жарандарды, мамлекеттик органдардын жана башка бюджеттик мекемелердин өкүлдөрүн мамлекет башчысынын атын кыянаттык менен пайдалануу фактылары болсо, токтоосуз түрдө билдирүүгө чакырабыз.

Өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен кандайдыр бир байланыштарына жамынган талапкерлер тууралуу жана аларга тийиштүү чараларды көрүү үчүн тез арада укук коргоо органдарына билдирүүңүздөрдү суранабыз», – деп билдирди Эрбол Султанбаев.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

682