2026-жылдын 1-апрелинен тартып мугалимдердин жана медицина кызматкерлеринин айлыгы дагы бир ирет 100 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда сөз сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, өкмөттүн шартын кароо менен эмгек акыга кошумча 1 ставка 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм киргизүү менен эмгек акыларын орточо 100 пайыз көтөрүү чечими кабыл алынган.
“Жакында минкаб башчысы Адылбек Касымалиев 50 пайыздан кем эмес көтөрөбүз деп жарыя кылган. Биз кеңешип, өкмөттүн чама-чаркын кайрадан карап чыгып, эмгек акыга кошумча 1 ставка 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм киргизүү менен эмгек акыларын орточо 100 пайыз көтөрөлү деп чечтик. Учурда мугалимдердин орточо айлыгы 26 миң сом. Келе жаткан жылдын 1-апрелинен тартып көбөйгөндөн кийин 52 миң сомдун тегерегин түзөт. Мугалимдердин айлыгы негизинен алардын билим деңгээлине, педагогикалык иш стажына, квалификациялык категориясына, аймактын жайгашкан жерине, окуткан сабагына жана жумалык саат жүктөмдөрүнө жараша аныкталат.
Шаар жергесиндеги орто билим берүү мектебине педагогикалык орто билими бар, бирок педагогикалык стажы жок жаңы келген мугалимдин эмгек акысы 2026-жылдын 1-апрелинен тарта 36 миң 800 сомду түзүп, салыктык жана социалдык чегерүүлөрдөн кийин колуна таза 31 миң 200 сомдун тегерегин алат. Сөз жаңы окууну бүтүп келген мугалим тууралуу болуп жатат.
Ал эми тоолуу алыскы райондо иштеп жаткан жана жашаган, 30 жылдан ашык педагогикалык стажы бар орто мектептин математика мугалиминин учурдагы эмгек акысы 65 миң 800 сом. Ал эми 2026-жылдын 1-апрелинен тартып эмгек акысы 97 миң 600 сомду түзөт”,- деди Жапаров.
Президент ошондой эле дарыгерлердин эмгек акысынын жогорулатылышы боюнча да төмөнкүлөрдү маалымдады.
“Учурда дарыгерлердин орточо айлыгы 31 миң 500 сомду түзөт. Ал эми 2026-жылдын 1-апрелинен тарта 62 миң 500 сомду түзүп, колуна чегерүүлөрдөн сырткары 50 миң сомдон ашык маяна колуна тиет. Шаар жергесинде тажрыйбасы жок 1 ставка менен жаңы иштеп баштаган дарыгердин айлык акысы учурда 16 миң 900 сом экен. Ал эми көбөйгөндөн кийин 42 миң 100 сомду түзүп, колуна 35 миң 500 сом алат. Алыскы тоолуу аймакта жогорку квалификациялык категориядагы 30 жылдык иш тажрыйбасы бар 1 ставка менен эмгектенген дарыгердин эмгек акысы 91 миң 700 сомду түзүп, колуна 75 миң 700 сомдун тегерегинде алат”,- деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



