7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Абсамат Масалиевдин 90 жылдык мааракесине катышты 

478

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү белгилүү саясатчылардын бири болгон инсандын ишмердигин сүрөттөгөн «Элге арналган өмүр» көргөзмөсү менен таанышты.

Андан соң Садыр Жапаров Абсамат Масалиевдин ишмердиги тууралуу даректүү тасманы көрүп, куттуктоо сөзү менен чыгып, анда өткөөл мезгил кыйынчылыктарына карабай, Абсамат Масалиев Кыргызстанды жетектеп турган жылдары экономиканын бардык тармактарында туруктуу өсүштөр болгонун жана өлкөнүн өнүгүүсүнө бараандуу салым кошконун белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Абсамат Масалиев ар дайым элдин бакубат жашоо-турмушу үчүн кам көрүп, ак кызматын арнаганын баса белгиледи.

Салтанаттуу иш-чара майрамдык концерт менен жыйынтыкталды.

 

479