2021-2025-жылдары Кумтөрдүн өндүрүшүнөн түшкөн жалпы киреше 5 млрд 115 млн долларды же 440 млрд сомдон ашык каражатты түздү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Ынтымак Ордодо” өтүп жаткан республикалык кеңешмеде билдирди.
Анын айтымында, мында бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1 млрд 176 млн доллар же 100 млрд сомдон ашык акча каражаты түшкөн.
Ошондой эле президент тарыхый мааниге ээ мындай чечим өлкөбүздүн экономикалык көз карандысыздыгын бекемдөөнүн олуттуу этабына айланды деген пикирин кошумчалады.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



