Алдыда мамлекетибизди экономикалык каатчылыктан чыгарып кетүүчү эң чоң долбоорлор болот. Бул тууралуу Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Мына бүгүн «Кумтөр» маселесин колдоп бердиңиздер, терең ыраазычылык билдирем. Алдыда дагы бир топ маселелер — мамлекетибизди экономикалык каатчылыктан чыгарып кетүүчү эң чоң долбоорлор болот. Аларды дагы сиздерге алып келебиз. Сиздер менен биргеликте коркпой, эки жакты карап кылчактабай, чечкиндүү кадамдарга барып, тездик менен алдыга жылууну уланта беребиз.
Кризистик абал бара-бара оорлошо бере турган болсо, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн болгон күчүбүздү, бар мүмкүнчүлүгүбүздү жумшоого туура келет.
Андыктан, Министрлер Кабинети негизги басымды айыл чарбасына жасап, айдоо жерлерибизди кысыр калтырбай эгин эгип, жалпы эле айыл чарба продуктыларын өндүрүү менен аларды кайра иштетүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканы да ушундан.
Кудайга шүгүр, мээнеткеч, иштегенден талбаган дыйкан элибиз бар. Алар болгону сугат суу, таза үрөн, жер семирткич жана арзан насыя гана талап кылып келе жатат.
Биз колубузда болгон акчабыздын баарын бердик, 26 миллиард сом. Албетте, бул сумма бардык дыйкан-фермерлерди дүңүнөн камсыз кылып коюуга жетпейт.
Ошондуктан эмдиги жылдарга дагы караштырып жатабыз. Биздин оюбуз боюнча үч-төрт жылда толук камсыз кылабыз. Албетте, казынабыз толтура болсо, быйыл эле толук камсыз кылып койсок жакшы болот эле. Бирок акыбалыбызды жакшы билесиздер»,- деди президент.