7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Баткенде чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары менен жолукту

823

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда, Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Баткен районунун чек арадагы Ак-Сай жана Капчыгай айылдарынын жергиликтүү тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Мамлекет башчысы пикир алышуу учурунда чек ара маселелерин жөнгө салуу чаралары тууралуу айтып берди, жергиликтүү тургундардын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу, өндүрүштүк жана социалдык объектилерди куруу, жаштардын чет өлкөлөрдөгү эмгек миграциясы көйгөйлөрүн чечүү үчүн жумушчу орундарын түзүү боюнча суроолоруна жооп берди.

Садыр Жапаров мамлекет Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн калыбына келтирүү жана камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды жана күч-аракетти багыттай тургандыгын белгиледи. Бул максаттарга республикалык бюджеттен сезилээрлик каражаттар бөлүнгөн. Мамлекет башчысы бардык көтөрүлгөн маселелер мамлекеттик органдар тарабынан каралып, милдеттердин артыкчылыктуулугу боюнча чечим кабыл алынарын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров жеринде тиешелүү мекемелердин жетекчилерине, райондун тургундары тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөрдү колго алууну тапшырды.

Өз кезегинде Ак-Сай жана Капчыгай айылдарынын жаңы үйлөргө отурукташкан жергиликтүү тургундары сапаттуу аткарылып жаткан иштер жана алардын турак- жайларында ыңгайлуу шарттар түзүлгөндүгү үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

824