7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Беловодскийдеги психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеге барды

798

Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда, Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылында жайгашкан Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине (ССМ) барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жапаров социалдык стационардык мекеменин заманбап жабдуулар менен жабдылган жаңы имаратын көрдү. Ошондой эле ал социалдык мекеменин тарбиялануучуларынын тамак-аш, окуу жана жашоо шарттары менен таанышып, алардын сабактарына катышып, балдар менен баарлашып жана аларга белектерди тапшырды.

«Күнүмдүк рацион балдардын өнүгүүсүнө, саламаттыгына жана иммунитетине таасир этет. Бизге аларды ар түрдүү, пайдалуу жана толук кандуу тамак-аш менен камсыздоо зарыл», — деп баса белгиледи. Ал эми Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев республиканын социалдык стационардык мекемелериндеги балдардын тамак-ашына бир күндүк чыгымдын ченеми бир адамга 110 сомду түзөрүн билдирди.

Садыр Жапаров учурда бөлүнүп жаткан сумма балдардын жана чоңдордун физиологиялык муктаждыктарын канааттандырууга зарыл болгон табигый тамактануу ченемдерине жооп бербей турганын белгиледи. Буга байланыштуу Жапаров Кудайберген Базарбаевге, ыкчам түрдө өлкөнүн бардык социалдык мекемелеринде тамак-аш үчүн бекитилген акчалай ченемди эки эсе көтөрүү боюнча Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле, Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин директору Акылбек Асановго мекемеге финансылык колдоо иретинде 500 000 (беш жүз миң) сомдук сертификат тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

799