7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Беш жылда 936 социалдык объект курулуп, бир топ объект оңдоп-түзөөдөн өттү

1

Бишкек шаарында өткөн республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров акыркы беш жыл аралыгында курулуп жаткан социалдык объектилерге токтолду.

Өлкө башчысы белгилегендей, мамлекет жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган системаны өнүктүрүүгө жетишти.

«Беш жылда 936 социалдык объект курулуп, алардын бир тобу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Алар — мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, спорт комплекстери жана маданий объектилер. Мурун жогоруда аталган жайлардын ачылышы мамлекеттик деңгээлдеги чоң окуя болсо, бүгүн курулуштун ыргагы жогору болгондуктан, ал ачылыштарга физикалык жактан үлгүрбөй жатабыз.

Билим берүү тармагында жүздөгөн жаңы мектептер жана бала бакчалар курулуп, миңдеген окуучуларга орундар пайда болду. 12 жылдык билим берүү моделине өтүү реформасы башталды. «Алтын Казык» программасы бул тармактын өнүгүүсүндөгү багыт берүүчү чоң жылдызга айланды.

Саламаттык сактоодо ондогон медициналык мекемелер модернизацияланып, заманбап жабдуулар сатып алынды. Бишкекте 5 миң орундуу заманбап медициналык шаарча куруу демилгеленди. Буюрса, бул өлкө тарыхындагы эң ири медициналык долбоор болот», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

2