Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-мартта, өлкөдө аккредитацияланган бир катар чет мамлекеттердин атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Ишеним грамоталарын Австралия Союзунун элчиси Грейм Лесли Михан, Аргентинанын элчиси Эдуардо Антонио Зуаин, Чилинин элчиси Эдуардо Эскобар, Жаңы Зеландиянын элчиси Сара Мэри Уолш, Эквадордун элчиси Хуан Фернандо Ольгино Флорес, Бениндин элчиси Акамби Андре Окунлола — Биау, Кубанын элчиси Оскар Сантана Леон, Израилдин элчиси Эдвин Натан Ябо Глусман, Швеция Королдугунун элчиси Томас Данестад, Сербиянын элчиси Момчило Бабич, Армениянын элчиси Армен Гевондян тапшырышты.
Элчилер менен жолугушууда президент Садыр Жапаров аларды дипломатиялык миссияларынын расмий башталышы менен куттуктап, иштерине чоң ийгиликтерди каалады.
Мамлекет башчысы эки тараптуу кызматташтыкты ар тараптуу тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө, саясий диалогду активдештирүүгө жана соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда натыйжалуу иштерди жолго коюуга даяр экенин белгиледи. Жапаров элчилердин элдердин ортосундагы мамилелерди чыңдоого, ошондой эле соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнүн жана товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн жыл сайын өсүшүнө түрткү берүүгө багытталган Кыргызстандагы натыйжалуу жана жемиштүү ишмердүүлүгүнө кызыкдар экенин билдирди. Президент дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен тең укуктуу, ачык жана конструктивдүү өнөктөштүктү өнүктүрүү — Кыргызстандын башкы приоритети болуп кала берерин баса белгиледи.
Өз кезегинде элчилер мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө мамилелерди чыңдоо үчүн максималдуу күч-аракетин жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.