Садыр Жапаров IV Элдик курултайда сүйлөп жатып, өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө багытталган каржылоонун көлөмү кыйла көбөйгөнүн билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, мурда ишке ашпас кыялдай сезилген нерселер бүгүн реалдуулукка айланды.
«Бүгүнкү күндө аймактарды өнүктүрүүгө чоң каражаттар бөлүнүүдө. Бул мурун кыял болсо, азыр чындыкка айланды», — деди ал.
Президент жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын дотациялык көз карандылыктан чыгууга жана өз алдынча иштөөгө чакырды. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары дотациядан чыгышы керек. Сиздер иштешиңиздер зарыл. Кимдир бирөөгө көп, кимдир бирөөгө аз каражат бөлүнүп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт», — деди ал.
Мамлекет башчысы Кыргызстан — бирдиктүү өлкө экенин жана ар бир айылдын ийгилиги бүтүндөй мамлекеттин жетишкендиги экенин эске салды.
«Кыргызстан — бир өлкө. Бир айылдын жетишкендиги — бүтүндөй өлкөнүн жетишкендиги», — деди президент. Аймактарды бирдей өнүктүрүүнүн мисалы катары ал Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чаралардын өлкөнүн ар кайсы облустарында өткөрүлүп жатканын белгиледи. Алсак, 2026-жылы негизги салтанаттар Талас облусунда өтөт. Ошондой эле мамлекет башчысы өлкөнүн стратегиялык максатын атады.
«Биздин максат — адилеттүү, таза жана ынтымактуу мамлекетти куруу», — деген президент жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине катуу эскертүү берди.
«Бөлүнгөн каражатты керектүү муктаждыктарга жумшагыла. Акчанын жарымын чөнтөгүңөргө салбагыла», — деп баса белгиледи ал.



