7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент чек арада каза болгон Хуснидин Хажиевдин жакындарына үй берүүнү тапшырды

1981

Президент Садыр Жапаров Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда курман болгон кыргызстандык жоокер Хуснидин Хажиевдин үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Президент маркумдун жакындарын колдоо максатында Баткен шаарынан 82 чарчы метр жаңыдан курулуп жаткан үйдү берүүнү облус башчыга тапшырган.

Маркумдун айылдаштарынын айтымында, чек ара кызматкеринин артында кош бойлуу жубайы жана уулу калды.

Эске сала кетсек, 8-июлда Лейлектин Көк-Жайлоосунда (Чашмагильдан ашуусу)  тажик аскерлери кыргыз аскерлерине кол салып, Хуснидин Хажиев окко учкан. Анын сөөгү 10-июлда өзү туулуп-өскөн Лейлек районунун Бешкент айылында жерге берилди.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы – 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1982