7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент чет өлкөлөрдүн лидерлери менен Будапешттеги дүйнө чемпионатына ардактуу конок катары катышты

624

Президент Садыр Жапаров 20-августта Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен чет өлкөлөрдүн башка лидерлери менен бирге Будапешт шаарындагы Улуттук атлетикалык борбордо жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатынын эркектер арасындагы жарышынын финалына ардактуу конок катары катышты.

Венгриянын баш калаасына делегация башчыларынын катарында Азербайжандын лидери Илхам Алиев, Түркмөнстандын Сердар Бердымухамедов, Түркиянын Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстандын Шавкат Мирзиеев, Сербиянын Александр Вучич, Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани ж. б. келди. Бул дүйнө чемпионаты 200дөн ашуун чет өлкөлөрдүн өкүлдөрү, анын ичинде Кыргызстандын спортчулары Олимпиадалык оюндардан кийин спорттук рейтингде алдыңкы орунду ээлейт.

Бул мелдештер эки жылда бир өткөрүлөт. Программага жеңил атлетиканын 44төн ашык түрү киргизилген. Бул мелдештерге дүйнөдөгү бардык күчтүү жеңил атлетчилер катышат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

625